Тармактык Энциклопедия:ЖАРК ЭТҮҮЛӨРДҮН СПЕКТРИ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күндүн хромосферасынын эмиссиялык спектри: ал Күн толук тутулар алдында (же андан кийин) телескоптун объективине атайын ( объективдүү) призманы жалгоо м-н алынат. Спектр толук тутулуу фазасында капысынан жарк этип чыккан суутектин, гелийдин, иондолгон кальцийдин ж. б. элементтердин эмиссиялык сызыктарынан турат. Ушул сызыктардагы Күндүн нурлануусун бөлүп карап, анын сүрөттөлүшүн алууга болот.