Тармактык Энциклопедия:ЖАРКЫРАКТЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– асман телолорунун бетинин нур чыгаруу же нур чагылтуу жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү. Начар асман жарык чыгаруучуларынын Ж-гы 1 квадрат секунда, 1 квадрат минута же I квадрат градус аянтчанын жылдыз чоңдугу м-н туюнтулат, б.а. ушул аянтчанын Ж-гы жылдыз чоңдугу белгилүү болгон жылдыздын Ж-гы м-н салыштырылат. Мис., айсыз ачык асмандын Ж-гы (2•10-8 стильб) 1 квадрат секундадагы 22,4 жылдыз чоңдугу же 1 квадрат градустагы 4,61 жылдыз чоңдугу м-н мүнөздөлөт. Орточо тумандуулуктун Ж-гы квадрат секунда-дагы 19–20 жылдыз чоңдугуна, Чолпондун Ж-гы 1 квадрат секундадагы 3 жылдыз чоңдугуна барабар. Жылдыз чоңдугу нөл болгон жылдыздын жарыгын 1 квадрат секунда аянтчага бөлүштүргөндө ал аянтчанын Ж-гы 9,25 стильбге барабар болот. Күн дискасынын борборунун Ж-гы 150 000 стильб, ал эми толук Айдыкы – 0,25 стильб. СИдеги бирдиги кандела /м2 м-н өлчөнөт.