Тармактык Энциклопедия:ДЕҢГЭЭЛ БЕТИ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүнүн ж-а өз огунун айланасында айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн таасириндеги нерсенин теңсалмактулук бети. Ал дайыма оордук күчүнүн багытына перпендикуляр болот. Жер бир тектүү болбогондуктан анын Д. б. айлануунун эллипсоидиндей эмес, ал бет геоид деп аталат ж-а океандагы суунун деңгээли м-н дал келет. Геоид жер эллипсоидинен ± 100мге айырмаланат.