Тармактык Энциклопедия:ДЕЛЬФИН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Түн. жарым шардагы топ жылдыз. Негизги жарык жылдыздары Дельфиндин сынын элестетет. Топ жылдыздын g жылдызы – негизги жылдыздардын бири. Көпчүлүк мүнөздөмөлөрү б-ча Күнгө окшош. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 4,5 m ке барабар. Жылдыз чоңдугу 5,5mке барабар жашыл түстөгү жандоочусу айланып жүрөт. Анын айлануу мезгили бир нече миң жылга барабар. Дельфин топ жылдызында бир нече өзгөрмө ж-а кош жылдыздар жайгашкан. Дельфин топ жылдызынын d жылдызына жакын жердеги радианты а = 311° ж-а d =+13°. Жыл сайын пайда болуп туруучу метеор агымы бар. КМШнын аймагынан орто кеңдиктен жайында ж-а күзүндө даана көрүнөт.
<img src='ДЕЛЬФИН.gif'/>