Тармактык Энциклопедия:ГРАЖДАНДЫК КҮҮГҮМ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күн батып баратканда анын дискасы горизонт астына 6 – 7ока киргенге чейинки убакыт. Бул мезгилде ачык жайда иштөөгө (окууга, жазууга ж. б.) болот. Күндүн борбору горизонт астына 7ока кирген учуру Г. к-дүн бүтүшү делет да жасалма жарык пайдаланылат. Г. к-дүн бүтүшү авиацияда чоң мааниге ээ. Эгерде Күндүн борбору горизонттун астына 7°тан кичине бурчка кирсе, анда Г. к. таң аткыча созулуп, ак күүгүм делет. Ал КМШ аймагында жайында түндүктө болот.