Тармактык Энциклопедия:ГРАВИМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин оордук күчүнүн талаасын мүнөздөй турган чоңдуктарды ченөөчү илим. Г. Жердин фигурасы, ички түзүлүшү ж-а кыртышыньн түзүлүшү м-н байланышын окуп-үйрөтөт. Оордук күчү – Жердин суткалык айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү ж-а тартылуу күчтөрүнүн тең аракети. Борбордон четтөөчү күч Жердин оордук күчүн азайтат. Ал экватордо эң чоң, ал эми уюлда эң кичине болот. Жердин кысылышынын натыйжасында оордук күчү уюлдан экваторго чейин кичирейет, экватордо уюлдагылардан 0,5%тей кемийт. Г. Жер эллипсоидинин кысылышын, эллипсоиддин үстүндөгү геоиддин бийиктигин аныктоо усулун иштеп чыгат, б.а. Жердин фигурасын изилдейт. Г. геод., геоф., геол. ж-а астрон. илимдери м-н тыгыз байланышкан.