Тармактык Энциклопедия:ГОРИЗОНТАЛДУУ КҮН СААТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– күн саатынын бир түрү. Анын циферблаты горизонт тегиздигине параллель жайгашкан. Көрсөткүчүнүн милдетин бир тар бурчу орундун кеңдигине барабар тик бурчтуу үч бурчтук түрүндөгү тактайча аткарат. Үч бурчтук циферблатка гипотенузасы дүйнө уюлуна багытталгандай бекитилет. Г. к. с-нын жебесин үч бурчтуктан циферблатка түшкөн көлөкө аткарат. Түн. жарым шарда чак түштө жебе түндүккө багытталат. Мындай сааттарын цифралары бирдей жайгашкан эмес, анын жайгашышы tgu=tgt•sin j формуласы м-н чыгарылат, мында t – күн убактысы, j – кеңдик, u – түндүккө багытталган багыт м-н t убакытка туура келүүчү циферблаттагы цифранын ортосундагы бурч.