Тармактык Энциклопедия:ГЛОБУЛАЛАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жарык фондо кара так түрүндө көрүнгөн жылдыз аралык чөйрөнүн чоң эмес ж-а тунук болбогон газ чаңдары. Чоң ж-а кичине Г-га айырмаланат. Кичине Г. жарык тумандуулуктардын фонунда билинер-билинбес кара так түрүндө байкалат. Алардын массасы Күн массасынын 1/10инен ашпайт. Чоң Г. – тегерек формадагы тез карарган тумандуулук. Алардын өлчөмү парсектен кичине. 200гө жакын чоң Г. белгилүү . Булар Күндөн алыс эмес 50 пкке жакын аралыкта жайгашкан. Г-дын темп-расы өтө төмөн, 10 Кге жакын. Г. жылдыздардын жаралуу областы болушу да мүмкүн .