Тармактык Энциклопедия:ГЕОМАГНИТТИК КАРМАГЫЧ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жердин бөлүкчөлөрдүн агымын токтотуучу магнит талаасы. Күндүн корпускулалык нурлануусунан, о.эле Күндөгү тактардын жарк этүүсүнөн күчтүү магнит бороондору ж-а уюлдук жаркыроо пайда болот. Ылдамдыгы 1000 км/сек болгон корпускула агымдары Жерде хромосфералык жарк этүүлөрдөн бир сутка өткөндөн кийин жетет. Бул агым – тез кыймылдоочу плазма. Жердин магнит талаасынын күч сызыктарына перпендикуляр кыймылдаган иондошкон газга Жердин магнит талаасы каршылык көрсөтөт. Б.а. корпускулалык агым магнит талаасынын күч сызыктарын деформациялап, талаанын козголуусун пайда кылат да токтойт. Корпускулалык агымдын бөлүкчөлөрү магнит талаасы аркылуу кармалып, сырткы радиациялык алкакты толуктайт.