Тармактык Энциклопедия:ГЕОИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
( гр. qeoeides – Жерге окшош) – толкунсуз океан ж-а деңиздин деңгээлдик бети м-н чектелген туюк бет. Деңиздин деңгээл бетинин уландысы материктер аркылуу көңүлдө гана болжоп жүргүзүлөт. Г. Жердин тегизделген формасы катары кабыл алынган. Г-дин бети бардык чекитинде оордук күчүнүн багытына перпендикуляр ж-а бардык жеринде томпок келет, ал жер эллипсоидинен аз гана айырмаланат. Экөөнүн ортосундагы айырма 100мден аз. Г-ден баштап Жер бетинин бийиктиги эсептелет. Ал терминди 1873-ж. И. Листинг сунуш кылган. Жердин чыныгы фигурасын окуп-үйрөнүү геод-нын ж-а гравимет-нын негизги маселеси болуп эсептелгендиктен, Г-ге салыштырмалуу эллипсоиддин, эллипсоидге салыштырмалуу Г-дин элементтерин аныктоо чоң мааниге ээ.