Тармактык Энциклопедия:ГАММА-АСТРОНОМИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– атм-радан тышкаркы астрон-нын космостук гамма нурлануусунун булагын изилдөөчү бөлүмү, б.а. толкун узундугу 0,01 нмден кичине электр-магниттик нурлануу (к. Асман телолорунун электр-магниттик нурлануусу). 1961-ж. апрелде Жердин жасалма жандоочусу «Эксплорер-11ге» (АКШ) орнотулган аппараттар Галактиканын борборунан чыккан гамма-нурду кабыл алгандан кийин Г.-а-га негиз салынган. Г.-а. көбүнчө квант энергиясы 30 КэВден жогорку, (0,3 Е ден кыска) спектрдик областты изилдейт. Гамма-нурун кабыл алгычтарга жылтылдоону эсептегич, кээде Гейгер-Мюллер эсептегичи колдонулат. Г.-а. рентген астрон-сына өтө жакын.