Тармактык Энциклопедия:ГАЛЛЕЙ КОМЕТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– мезгилдүү жарык комета. 1-жолу Э. Галлей асман мейкиндигиндеги кометалардын кыймылы (1705) ж-а алардын орбиталары параболага жакын экендигин байкаган. Ал 24 жарык кометанын орбитасын, анын ичинен 1531-, 1607- ж-а 1682-ж. көрүнгөн кометалардын орбиталарынын траекториясынын окшоштугун ж-а бир эле комета экендигин аныктаган. Бул комета Күндүн айланасында өтө созулган эллипс б-ча айланат. Айлануу мезгили болжол м-н 76 жылга барабар деген жыйынтык чыгарган ж-а 1785-ж. кайра келерин айткан. Бул комета Галлейдин ысымынан аталган. Б.з.ч. 446-жылдан 1909-жылга чейин 29 жолу көрүнгөн. 1910-ж. перигелий аркылуу өткөн. Акыркы жолу 1986-ж. телескоп аркылуу байкалган. Ал Күнгө эң жакын аралыкта өткөн.