Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН СФЕРАЛЫК ТҮЗҮҮЧҮСҮ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Галактиканы түзүүчүлөрдүн бири. Бул түзүүчүлөргө Лиранын RR тибиндеги кыска мезгилдүү өзгөрмө жылдыздар, мезгили 150–200d болгон кыска мезгилдүү өзгөрмө жылдыздар, цефеиддер, субкидиктер, шар сымал жылдыз чогулмалары Бийкечтин W тибиндеги узак мезгилдүү өзгөрмө жылдыздары кирет. Г. с. т. чачыранды жылдыз чогулмасына караганда жыйнактуу ж-а сфералык симметрияга ээ.