Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН СПИРАЛДУУ ТАРМАГЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Галактиканын түзүлүшүнүн эң негизги элементинин бири. Галактиканын түзүлүшү борбордук бөлүктөн (ядросу) ж-а спиралдуу тармактан турат. Борбордук бөлүгүн күңүрт тунук эмес заттар каптагандыктан, анын көп бөлүгү байкалбайт, ал эми тармактуу бөлүгүн байкоого болот. Саманчы жолу Галактиканын борборун көздөй кеткен спиралдуу жылдыздар системасын элестетет, ошондуктан биздин Галактиканы спиралдуу тармактын бир түрү катары кароого болот. Галактиканын Күн турган областында (Галактиканын борборунан 25 пк аралыкта) бир топ спиралдуу тармак бар, бул тармакты бойлото жаш жылдыз чогулмасы, жылдыз аралык газ ж-а чаңдар орун алган. Мис.. Орион топ жылдызында – Орион тармагы, Персей топ жылдызында – Персейдин эки тармагы, борборго жакын жаткан Жаачы топ жылдызында – Жаачынын тармагы ж. б.