Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН ЖАЛПАК СИСТЕМАСЫНЫН БӨЛҮГҮ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Галактиканы түзүүчүлөрдүн бири. Мейкиндикте көпчүлүк галактикалык объектилер жалпак дисканын чегинде жайгашкан. Ага О ж-а В классындагы алгачкы жылдыздар, цефеиддер ( Бийкеч топ жылдызындагы W тибиндеги жылдыздардан, жогорку жаңы жылдыздар, чачыранды жылдыз чогулмалары, жылдыз бирикмелери ж-а күңүрт тумандуулуктар кирет. Булар Г. ж. с. б-н түзөт. Бул бөлүктөрдө сейректелген газдар, анча көп эмес катуу бөлүкчөлөр, чаңдар кездешет. Айрым бөлүктөрдө мындай бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгы жогору болуп, ысык жылдыздардын тегерегинде жарык чыгарат ( жарык тумандуулуктар), ал эми алыс жерлеринде күңүрт чаңдуу булуттарды пайда кылат.