Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАЛЫК ТЕГИЗДИК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Галактика симметриясынын тегиздиги. Ал тегиздиктин жанында галактиканын тегиз системасынын бөлүгүнө кирген жылдыздар м-н жылдыз аралык заттардын мейкиндиктеги топтолушу өтө жыш. Г. т. жылдыз астрон-сында чоң мааниге ээ. Жылдыз статистикасында бардык жылдыздардын абалы Г. т-ке салыштырмалуу аныкталат. Бул тегиздиктин жантаюусу ±28°ка барабар, ал Саманчы жолунун түн. ж-а түш. уюлу деп аталат.