Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАДАН ТЫШКАРКЫ ТУМАНДУУЛУК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– биздин Галактиканын чегинин сыртында жаткан мейкиндиктеги тумандуулук. Бул тумандуулук Галактика сыяктуу эле жылдыздар системасын түзөт. Галактикалар өтө алыс жайгашкандыктан ж-а Галактиканын экватордук тегиздигинде жайгашкан күңүрт чаңдуу тумандуулуктар көрүүгө тоскоолдук кылгандыктан, мындай галактикалардын асманда көрүнүшү Галактикалык тегиздикке жакындаган сайын азаят.