Тармактык Энциклопедия:ВЕГА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Лира топ жылдызынын нөл жылдыз чоңдугундагы a жылдызы. Диаметри көзгө көрүнгөн жылдыз чоңдугу 0,03•8 пк аралыктагы ысык кидик (ак кидик). Күндүн диаметринен 2,5 эсе чоң. Асмандын түн. жарым шарындагы эң жаркырак жылдыздардын бири. Жарыгы Күндөн 50 эсе көп. В., Денеб ж-а Альтаир жайкы түндө даана байкалуучу чоң үч бурчтукту түзөт. В-га чейинки аралыгы 26 жарык жылына барабар. Атм-расынын хим. курамы Күндүкүнө окшош. Түпкүрүндө суутек гелийге айланып турат. В. көбүнчө жылдыздардын ар түрдүү мүнөздөмөлөрүн салыштырууда стандарт жылдыз катары пайдаланылат. JRAS жандоочусу 1983-ж. В-нын инфракызыл нурлануусун каттаган. Анын булагы болуп муздак заттардын дискасы эсептелет. Мындан жаңы планетанын пайда болушу мүмкүн. Биринчи жылдызы 1850-ж. Гарвард обсерваториясында сүрөткө тартылып алынган.