Тармактык Энциклопедия:БЮРАКАН АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Армян ИАсына караштуу Еревандан 35 км түн-бат-тагы Бюракан кыштагына жакын Арагац тоо капталына жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1500 м бийик. 1946-ж. негизделген. Эң ири обсерваториялардын бири. Ишинин негизги багыты – жылдыз астрон-сынын проблемалары, галактикалардын түзүлүштөрү, турактуу эмес жылдыздарды ж-а тумандуулуктарды, жылдыз космогониясын изилдөөгө байланышкан проблемаларды иштеп чыккан, радиоастрон. байкоолорду жүргүзөт. Негизги аспаптары 100 см ж-а 53 смлүү Шмидт телескоптору, 2,6 млүү рефлектор.