Тармактык Энциклопедия:БУЛУТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– өтө майда муз кристаллдары м-н суу тамчыларынын атм-рада топтолушу. Ал тропосферада суу буусунун көбөйүшүнөн пайда болот. Айрым Б-тарда суу тамчылары ж-а кристаллдары чоңойсо, жаан-чачын түрүндө (кыроо, жамгыр, мөндүр, кар) жерге түшөт. Б-тагы 1 м3 Б-тун массасында граммдын үлүшүнөн бир нече граммга чейинки тамчылуу суюк ж-а кристаллдуу суу кармалып турат. Б. катмары жарык нурун начарлатып, бир катар оптикалык кубулуштардын пайда болушуна себеп болот. Б-тарга дүйнөнүн миңдеген метеорологиялык станциялары ар дайым байкоо жүргүзөт. Б-тар жайгашуу бийиктигине жараша жогорку, ортоңку ж-а төмөнкү Б-тарга айырмаланат. Б-тар катмары (ярус) ж-а негизги формасы б-ча жогорку катмардагы Б-тар, ортоңку катмардагы Б-тар, төмөнкү катмардагы Б-тар тик катмардагы Б-тарга бөлүнөт.
Жогорку катмардагы Б-тардын бийиктиги 6 кмден жогору. Аларга канат сымал, канат сымал түрмөктөлгөн, канат сымал катмарланган Б-тар кирет.
Ортоңку катмардагы Б-тардын бийиктиги 2–6 км. Алар бийик түрмөктөлгөн ж-а бийик катмарланган Б-тардан турат. Төмөнкү катмардагы Б-тардын бийиктиги 2 кмден төмөн. Алар катмарланган –түрмөк, катмарланган ж-а катмарланган – жамгырлуу Б-тардан куралат.
Тик катмардагы Б-тарга түрмөктөлгөн, түрмөктөлгөн жамгырлуу Б-тар кирет. Б. стратосферада седеп түстө, мезосферада күмүштөй ак түстө болот. Азыр илим м-н техниканын жетишкендиктери Б-тан жаан жаадырат, чогулган Б-тарды таркатат, мөндүрдүн түшүшүн токтотот.