Тармактык Энциклопедия:БУГЕР–ЛАМБЕРТ–БЕР ЗАКОНУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– монохроматикалык (бир түстөгү) нурдун сиңирүүчү чөйрөдө (жутуучу затта) таралуу учурундагы акырындык м-н начарлашын аныктоочу закон. Эгер калыңдыгы Б болгон заттын катмарына кирген нурдун кубаттуулугу Бо болсо, анда Б.–Л.–Б. з-на ылайык, нур катмардан өткөндө анын кубаттуулугу Б(l)=Бо•l-cl болот. Мында c – жутулууну аныктоочу заттын с концентрациясынын бирдигине эсептелген жарыкты жутуунун (сиңирүүнүн) салыштырма көрсөткүчү. c – заттын табиятына ж-а абалына, о. эле нурлануу өтүүчү толкун узундугуна жараша болот. Законду 1729-ж. П. Бугер ачып, 1760-ж. И. Г. Ламберт изилдеген. А. Бер 1852-ж. ал закондун концентрацияга көзкарандылыгын аныктаган.