Тармактык Энциклопедия:БИЙИК КАТМАРЛУУ БУЛУТТАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– боз же көгүлтүр түстөгү туташ катмардан турган булуттар. Төмөнкү чеги адатта 3 – 5 км бийиктикте болот. Мындай булуттардын калыңдыгы 1–2 км. Күн нуру бул булуттардан тунук эмес айнектен өткөндөй өтөт. Жердеги бак-дарактын же башканын көлөкөсү даана болбойт же көлөкө түшпөйт. Б. к. б-дан кышында кар, жайында жамгыр пайда болот, бирок жер бетине жетпейт. Булуттар тыгыздалып, катмарлуу жаан-булутуна өтөт.