Тармактык Энциклопедия:БАЛЫК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жазгы күн-түн теңелүүнүн чекити жайгашкан зодиак топ жылдызы. Бардык жарык жылдыздары жем талашкан эки балыктын сынын элестетет. Анын өтө жарык жылдызынын (a -Балык) түсү көгүш, бетинин темп-расы 10 000° к, көрүнгөн жылдыз чоңдугу m=4,3mге барабар, темп-расы ж-а түсү негизги жылдыздай эле болгон жандоочусу бар, ага жакын жайгашкан анын көрүнгөн жылдыз чоңдугу m=5,2m. Бул эки жылдыздын ар бири – жалпы массага ээ болгон физ. кош жылдыз. Бул топ жылдыз КМШнын орто кеңдигинен жайдын аягында, күзүндө ж-а кыштын башталышында көрүнөт.