Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРАНЫН ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮГҮ ЖАНА ТИТИРӨӨСҮ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
. Жер шарын курчаган абанын чоң эмес массалары бири бирине карата ар кандай кыймылга келүүнүн натыйжасында атм-ра турбуленттүү абалда, б. а. куюндук мүнөздө болот. Атм-ранын турбуленттүүлүгүнөн басым өзгөрүп, атм-ранын титирөөсү күтүлөт. Ал чөйрөнүн тыгыздыгынын түрдүүлүгүнө жараша жарык чыгаруучудан түшкөн нурлар атм-ра аркылуу өткөндө түрдүү сынуу кубулушуна дуушар болуп, анын сүрөттөлүшү бир аз бузулуп алынат. Байкоо жүргүзүү учурунда А. т. ж-а т. эске алынат.