Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРАДАГЫ КОНВЕКЦИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жогору көтөрүлгөн жылуулук агымынын таасиринде атм-радагы (оордук күчүнүн талаасындагы) суюктуктун же газдын кыймылы. Суюктук же газ толгон чөйрөнүн көп бөлүгүнүн жылышып которулушунун натыйжасында ал чөйрөдө массанын, жылуулуктун бийиктик б-ча өйдө-төмөн алмашуусу. Конвекция атм-радагы темп-ранын айырмасына байланыштуу болуп, жылуу абанын тыгыздыгы айлана-чөйрөсүнө караганда төмөн болгондуктан жогору карай, ал эми муздак абаныкы жогору болгондуктан төмөн карай умтулуу закону м-н түшүндүрүлөт. Атм-рада конвекция жүрүп турган кезде аба агымынын жер бетинен көтөрүлүүсү байкалат. Андагы абанын көтөрүлүү ылдамдыгы 20 м/сек, кээде мындан да жогору болот. Мындай жерлерде чагылгандуу булуттар пайда болуп, нөшөрлүү жамгыр жаайт.