Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРА АЭРОЗОЛУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– катуу заттардын бөлүкчөлөрү же суюктуктун тамчылары газ чөйрөсүндөгү абалуу атм-рада аралашып жүрүүчү дисперсиялуу система. Ал планеталардын бетинен көтөрүлүп чыккан чаңдар, атм-ранын өзүндөгү газдардан түзүлгөн конденсацияланган суюктук же катуу абалдагы бөлүкчөлөрдөн ж-а метеордук чаңдардан турат. Мис., Марс планетасынын бетинен кургак чаңдар көтөрүлүп чыгып атм-рада аэрозолду пайда кылат. Жер, Чолпон ж-а башка зор планеталардын бетине конденсацияланган бөлүкчөлөр түрүндө акырындык м-н калкып түшөт. Бөлүкчөлөрдүн өлчөмү – 108ден 0,1 смге чейин, 1см3 абадагы топтолушу бир ж-а миңдеген суу тамчыларынан миллионго чейинки ионго жетет. Ири атм-ралык аэрозолдордо жарыктын начарлашы анын толкун узундугуна көзкаранды эмес.