Тармактык Энциклопедия:АПЕКС
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман сферасында кыймыл багытталган чекит. Астрон-дан Жердин Күндү бир жылдагы айлангандагы А-и каралган. Ал Жердин орбитасында ошол мезгилде Жер орун алган чекиттен баштап, жаныма багыт б-ча жайланышат. Иш жүзүндө Жердин А-и Күн тараптагы багытка перпендикуляр болот. Күндүн кыймылынын апекси Геркулес ж-а Лира топ жылдызынын чегинен орун алган: a=270°, d=+30°. Жылдыздар, галактикалар ж. б. асман телолорунун кыймылдарынын да апекси бар.