Тармактык Энциклопедия:АНДРОМЕДА
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман сферасынын түн. жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш Андромеда тумандуулугу жайгашкан. А. топ жылдызынын a, b ж-а g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнөт. А. ж-а Керилген сабаа топ жылдыздарын үйрөнүүгө жакшы багыт берет. А-нын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да a жылдызы. А. грек мифологиясында Эфиопия падышасынын кызы. Аны деңиздин укмуштуу жаныбарына курмандыкка берген. Бирок Персей куткарган. Мифтеги айтылганга караганда өлүмүнөн кийин топ жылдызга айланган. Топ жылдыздын аталышы ушундан келип чыккан.