Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН КҮҢҮРТ ЖАРЫГЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Ай бетинин Жерден көрүнгөн Күн тийбеген бөлүгүнүн начар жаркыроосу. Жер шарынын бетинин аянты Айдыкына караганда 14 эсе чоң ж-а Жердин жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү да жогору болгондуктан Ай толгон кезде Жерди жарыктандырганга караганда Жер Айды 40 эседен ашыгыраак жарыктандырат. Натыйжада Ай жаңырган учурда ичке орок формадагы жарыкты Күндүн нурунан, ал эми калган бөлүгү жарыкты Жерден алат.