Тармактык Энциклопедия:АЖЫДААР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Draco) – уюлга жакынкы топ жылдыз. Тубан аттуу жылдызы Мицар м-н Кичи жетигендин чөмүчүнүн эки жарык жылдызынын ортосунда жайгашкан. Ал болжолу 2,5 миң жыл мурда уюлдук жылдыз болгон, кайрадан 20 миң жылдан кийин уюлдук болот. Аталышы мифологиядан алынган: Геспериддин алма багындагы алтын алманы кайтарган Ладон деген ажыдаарды ж-а аны өлтүргөн Гераклды символдоштуруп турат.
<img src='АЖЫДААР.gif'/>