АМПЕРМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕРМЕТР – турактуу жана өзгөрмө ток күчүн ченөөчү прибор. Ток күчүн өлчөө чегине карай кило-, милли-, микроамперметрге айырмаланат. Ток чынжырына А. удаалаш туташтырылат. Өзгөрмө токтун күчүн өлчөөдө А. түзөткүч приборлор менен жабдылат. Күчтүү ток шунт же ток трансформатору же кошумча түзүлүштөрү бар А., ал эми аз чоңдуктагы токту өлчөө үчүн токтун күчөткүчү жана күчөтүлгөн сигналды кабыл алуучу электр өлчөгүч механизмдер менен жабдылган А. колдонулат. Азыркы кездеги ар түрдүү А-лердин ченөөчү чеги 10−15А – 100 кАден жогору. Техникада цифралуу А. кеңири колдонулат.