АМЕРИЦИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИЦИЙ (лат. Americium), Am – жасалма жол менен алынган радиоактивдүү элемент. Ат. н. 95, ат. м. 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун ат. м. 243. А-ди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс,Л. Морган жана Гиорсо Am241 изотобу түрүндө плутонийди нейтрон бөлүкчөлөрү менен нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан «А» деп аташкан. Аm – күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см3. Таза металл түрүндөгү А. 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, б. эрүү темп-расынын так мааниси белгисиз. А. Зтөн 6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү Зкө барабар. Аm. радиусу 1,82 А, үч валенттүү абалындагы ионунун радиусу 1,00 А. Бардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек менен өз ара аракеттенишип, гидридди пайда кылат. Кычкылтек менен реакцияга кирип, бир нече оксиддерди АmО, Аm203, Аm02 берет. Ал эми галогендер менен үч валенттүү А-дин галогендүү бирикмелерин – AmF3,AmCl3, AmBr3 пайда кылат.