АМЕРИКА ФУТБОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА ФУТБОЛУ – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90x49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочулар жана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. Аиерика футболу 1869-70-жылдары АКШда пайда болгон. 1900-жылдан

АМЕРИКА ФУТБОЛУ 48.png

баштап Америка футболу колледж жана университеттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-жылы Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши – Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өткөрүлөт.