АМАНАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:38, 30 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНАТ – 1) зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга ж. б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, а түгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү; 2) кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. Аманатка таасирлүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан. Аманат жасалгалуу ак үйдө жашоочу. Ошондуктан аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да аташкан. Аманат 19-кылымдын аягында жоюлган, к. «Ак үйлүү».