АУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:55, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУК (тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-ндагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 7 км түн. тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-ж негизделген. Деӊиз деӊг. 795 м бийиктикте. Калкы 2504 (2002); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, мад-т үйү ж. б. бар.