АСМЭРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 , А с м а р а ‒ Эритрея мамлекетинин борбор шаары. Асмэра провинциясынын адм. борбору. Эфиопия тайпак тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 663,9 миӊ (2010). Жолдор тоому. Темир ж-а автомобиль жолдору аркылуу Кызыл деӊиз жээгиндеги Массауа порту м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 13‒14-к. ченде негизделген. Ун-т (1958-жылдан Италия бөлүмү, 1968-жылдан англ. бөлүмү), жалпы элдик китепкана, тамак-аш, текстиль, тигүү, полиграфия, курулуш материалдар өнөр жайы бар. Ири соода борбору.