АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е м р а т у р а н ы н - термод. температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы Абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффциенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.