АК-ТАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:51, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАМ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Там айыл округунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-жылы отурукташкан. Калкы 4112 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, бала бакча, амбулатория бар.