АҢЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЫЗ – эгини орулуп-жыйналып алынган жер. Анда чабылган эгиндин маясы жана вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери жана а. ч. өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары менен А. кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу ж. б. менен) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин А. айдалбайт.