АҢЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЫР, к ы з ы л ө р д ө к – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Уз. 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түш. Европа, Түн. Африка жана Азияда тузсуз жана туздуу көлмө жээгинде, О. Азияда 4500 жге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, о. эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түш. Азияга кыштоого учуп кетет.