АК-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:38, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-КОРГОН – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑жылга чейин отурукташкан. Де­ңиз деңгээлинен 1180 м бийиктикте жайгашкан. Кал­кы 6410 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей, китепкана, эки бала бакча, маданиятт үйү бар. Турмуш‑тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, да­рыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.