АРКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКЫТ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен ш-нан 18–20 км түн.-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө Сары-Челек көлу жатат. Уз. 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1200 мден 4247 мге (Муз-Төр) чейин. А-тын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орт. чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу ж-a нымдуу, жайы салкын. Июлдун орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooro өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай менен алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп алкагында (2100–3000 м бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаңгак токою менен көп

Аркыт өрөөнү.


түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат. А-тын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет.

М. Кадыркулов.