АК-ДӨБӨ - Аксы районундагы кыштак
12:10, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АК-ДӨБӨ - Аксы р-нундагы кыштак to АК-ДӨБӨ - Аксы районундагы кыштак) тарабынан жасалган версия
АК-ДӨБӨ – Жалал‑Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кербен шаар кеңешине караштуу. Райондун борбору Кербен шаарынан 4 км түндүк тарапта, Шамалды‑Сай темир жол бекетинен 80 км. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3584 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, маданият үйү, китепкана бар.