АЮ КУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЮ КУЛАК (Verbascum) ‒ эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк менен жыш капталган, уз. 60‒220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, уз. 30‒50 см, эни 12‒14 см. Топ гүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү–тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдынкы Азия, Түн. Африка, Америкада 300, Кыргызстанда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки жана дары А. к-тын гүлү какырык чыгаруучу,ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.