АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атмененын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, темп-расын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмененын турбуленттүү лүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмененын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги А. п. ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорол. лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмененын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын темп-расын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорол. ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атменены изилдөө үчүн метеорол. спутниктер пайдаланылат.