АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒ молекуладагы көмүртек атомдору бири-бири менен жөнөкөй, кош же үч байланыштар аркылуу бириккен, калган валенттүүлүктөрү суутектин атому менен байланышкан ачык чынжырлуу углеводороддор жана алардын туундулары. Алар алифаттык же май катарындагы бирикмелер деп аталат. Булар белгилүү шартта карбоциклдүү жана гетероциклдүү бирикмелерге, тескерисинче алар кайра А. б-ге өтөт. Мис., ацетилен жана анын гомологдору жогорку темп-рада (600°С) ароматтык бирикмелерди пайда кылса, циклопропанды жана тиофенди гидрирлөөдөн пропан менен бутан алынат. А. б-дин негизги булагы ‒ нефть жана өсүмдүктөр, СО менен Н2ден синтезделип алынган өнөр жай продуктулары. Нефтини кайра иштетүүдөн өнөр жайда негизинен алкандар менен алкендер алынат. А. б-ден өнөр жайда самын, ар түрдүү орг. эриткичтер (эфир, хлороформ, дихлорэтан, ацетон ж. б.), антифриздер, жыпар жыттуу ж. б. заттар алынат. С. Адылов.