АХУНБАЕВ Иса Коноевич
АХУНБАЕВ Иса Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), проф. (1949), СССР МИАнын корр. мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмг.ексиӊ. врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974). Ташкенттеги Орто Азия медицина институтун бүтүргөн (1935),
Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948‒52-ж. КММИнин директору , 1952‒54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы. Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жерггиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Илим изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде ил.имий докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарыныннын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов менен авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.