АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕСТЕЗОЛОГИЯ – клиникалык медицинанын бөлүмү; ооруну сездирбөө ж-дөгү илим. Хирург. операцияда ооруну басаңдатуучу жана организмдин тиричиликке маанилүү функцияларын (дем алуу, кан айлануу, зат алмашуу ж. б.) башкарууну изилдейт А. практикасында көбүнчө наркоз жана жерг. анестезия колдонулат. Анын өөрчүшүнө орус окумуштуулары И. И. Пирогов, С. П. Федоров, А. В. Вишневский ж. б. салым кошкон. Наркоз заттары ингаляция (дем алдыруу) же кан тамырга, булчуң этке, сөөк кемирчегине ийне сайуу, ичегиге клизма жасоо аркылуу берилет. Азыр ооруну сездирбөөнүн жаңы ыкмалары пайда болду, наркоз берүүчү аппараттар жана аспаптар жасалып, жаңы дарылар синтезделди. Булардын негизинде операция опурталдуулугу төмөндөп, жүрөк, өпкө ж. б. маанилүү тиричилик органдарына узакка созулган татаал операциялар натыйжалуу ишке ашырылууда.