АТ МАЙДАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 23 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ МАЙДАН, и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ат спорту боюнча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. А. м. байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. А. м-да көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы жана ат чабуу үчүн айланма жол­дор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту боюнча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн А. м. жолунун узундугу 2000‒2400‒3000 м, туурасы 20‒30 м, таскактуу аттар үчүн узундугу 1600, туурасы 20‒25 м болот. Бишкектеги мамлекеттик А. м. (Термечиков көчөсү, 1) 1947-ж. курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (уз. 1600 м, туурасы 18 м), күлүктөр жолу (уз. 2000 м, туурасы 20 м) жана майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. А-да 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; ветеринардык изолятор, ветеринардык дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар. А. м .долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.