АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:24, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ-- HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, молекулалык масса 133,1; б. эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, органикалык эриткичтерде эрибейт. А. к. организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин кислоталар менен бирге тамак-ашта колдонулат.